Мазхаб сөзү жүрүү, ээрчүү, жүргөн жол деген маанини туюнтат. Мутлак (абсолюттук) мужтахид деп аталган динде сөз ээси болгон аалымдардын мусулмандардын орундоолору керек болгон маселелерге байланыштуу диний далилдерден, Курани карим, хадиси шарифтер жана Ижмадан өкүм чыгаруу усулдары жана чыгарып билдирген өкүмдөрдүн бардыгы мазхаб деп аталат.
Мазхаб – Куран жана Сүннөт жолу. Бир мазхаб имамына моюн сунган адам Курани каримге жана Расулуллах алейхиссаламга моюн сунгандыгына ыйман келтирүүдө.
Атүгүл, мазхаб имамдагы дагы Китептин, тагыраагы, Курани каримдин жана Сүннөттүн, тагыраагы, хадиси шарифтердин маанисин Асхабы кирамдан үйрөнүшкөн жана бул туура мааниге карай ижтихад кылышкан. Бул туура маанини жана туура ижтихадды жактырбоо Мухаммед алейхиссаламга ишенбегендик болуу менен бирге зындыктык болот.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана Асхабынын жолу болгон Ахли сүннөттүн жүздөгөн мазхабынан бүгүнкү күндө төртөө китептерге кирип, калгандары болсо бир бөлүк унутулган. Бул төрт мазхаб – Ханафи, Шафии, Малики жана Ханбали мазхабдары.