Санжыра
Жети атанын аталышы
(жети атасын билбеген-жетесиздик)
Өйдө көздөй санаганда
  • 1.Ата

  • 2.Чоң ата
  • 3.Баба
  • 4.Буба
  • 5.Кубар
  • 6. Жото
  • 7. Жете
Ылдый көздөй санаганда
  • 1.Бала

  • 2.Небере
  • 3.Чөбөрө
  • 4.Кыбыра
  • 5.Тыбыра
  • 6. Чүрпө
  • 7. Урпак
Абалтан келе жаткан санжыраны билүү, жети атаны билүү – милдет! - делген нускалуу кебибиз бар. Бирок, бүгүн ушул улуу сөзгө көп маани берилбей келет. Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн, санжыраны жөнөкөйлөп түшүндүргөндө жети атаны билүү дегенди билдирээрин белгилей кетсек. Мына ушул санжырабыз бабалардын баскан жолу, тарыхы, наркы жана өзүн-өзү таанып билүүсү болуп, сөз баккан улуу элдин руханий байлыгы катары ооздон-оозго өтүп, кенч-казынабыз, мурасыбыз катары сакталып келе жатат.
Өз мезгилинде элибиз канчалык каржалып, канчалаган каар замандардын зардалына, башынан бак, ордосунан оомат кетип турганда да уюткулуу улуу элдин урпагы экендигин унуткан эмес.

Андыктан, эгерде сиз өз тегиңизди, урууңузду билбеген болсоңуз, же билсеңиз да тактап коюуну кааласаңыз төмөндөгү шилтемелер сизге жардам берээрине үмүт кыламын. Жети атаңызды болсо туугандарыңыздан сурап билип алаарсыздар :)
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website