Чүй облусунун географиялык абалыЧүй облусу республиканын түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Түндүк жана Батышынан Казакстан Республикасы менен, түштүк-батышынан – Талас жана Жалал-Абад облустары, түштүгүнөн – Нарын облусу, түштүк-чыгышынан – Ысык-Көл облусу менен чектешет.
Облустун жалпы аянты 20,2 миң кв. км, же Кыргыз Республикасынын аймагынын 10% ын түзөт.
Администрациялык-аймактык түзүлүшЧүй облусунун ортосунда Кыргызстандын борбору-Бишкек шаары жайгашкан. Облустун калкынын саны жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсептөөдө республиканын борборунун калкы өзүнчө эсепке алынат. Ири шаарлары-Токмок, Кант, Кара-Балта.
Чүй облусунун курамына 8 район жана 7 шаар (облустук маанидеги бир шаар – Токмок жана райондук маанидеги 6 шаар – Кара-Балта, Шопоков, Кант, Кемин, Орловка, Каинды), шаар тибиндеги бир поселок жана 105 айылдык аймактар кирет.
Москва району –Беловодское айылы (райондун борбору)
Сокулук району –Сокулук айылы (райондун борбору)
Аламүдүн району – Лебединовка айылы (райондун борбору)
Чүй району – Токмок шаары (райондун борбору)
Ыссык-Ата району – Кант шаары (райондун борбору)
Кемин району – Кемин шаары (райондун борбору)
Панфилов району – Каинды шаары (райондун борбору)
Жайыл району – Кара-Балта шаары (райондун борбору)