Намаз тууралуу
وَأَقِمِ الصَّلَاةَ طَرَفَيِ النَّهَارِ وَزُلَفًا مِنَ اللَّيْلِ ۚ إِنَّ الْحَسَنَاتِ يُذْهِبْنَ السَّيِّئَاتِ ۚ ذَٰلِكَ ذِكْرَىٰ لِلذَّاكِرِينَ
Күндүздүн эки тарабында, түндүн таңга ыктаган бөлүгүндө намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар – жамандыктарды кетирет. Бул – түшүнгөндөр үчүн эскертүү.
("Хууд" сүрөсү 114-аят)
مَا سَلَكَكُمْ فِيْ سَقَرَ قَالُوْا لَمْ نَكُ مِنَ الْمُصَلِّيْنَۙ
«Силерди (бул) сакарга (тозокко) эмне алып келди? (дешет). Алар жооп беришет: Биз намаз окугандардан эмес элек». ("Муддасир" сүрөсүнүн 42-43-аяттары).
Абдуллах бин Амр( разияллооху анху ) дан риваят:
"Пайгамбарыбыз ( саллаллооху алайхи ва саллам ) намаз тууралуу айтып жатып минтип айтты: "Ким беш убак намазга бекем болсо, Намаз ага Кыямат күнү нур, күбө жана кутулууга себепчи болот. Ким ага бекем болбосо Кыямат күнү ага нур да, күбө да жана кутулууга да себепчи болбойт.
Кыямат күнү Фираун, Хааман жана Убай бин Халафтар ( каапырлар ) менен бирге болот".
( Муснад Ахмад, Табарони, Мажма'у заваиид).
Даарат алуу (сүрөттөрү менен)
  • 1. Алгач даарат алууга даярдануу керек. Ал үчүн жеңдер чыканакка чейин түрүлүп,   байпактар чечилип, багалектер (шымдын байчасы)  түрүлөт, кийин «Ниет кылдым Аллахтын  ыраазылыгы үчүн даарат алууга» деп ниет кылынат жана аъузу-бисмиллах айтылат.Тактап айтканда «Аъузу биллахи минашшайтаниррожийм, Бисмиллахиррохманиррохийм» деп айтылат.
  • 2. Колдор билектерге чейин үч жолу жуулат. Манжалардын арасынын жуулуусуна маани берүү керек. Манжада шакек бар болсо кыймылдатып айландырып, асты да жуулуш керек.
  • 3. Ооз менен мурун жуулат. Ал үчүн оң кол менен оозго үч жолу бөлөк-бөлөк суу алып, ар алган сайын жакшылап чайкалат. Кийин оң кол менен мурунга өзүнчө-өзүнчө суу тартылат жана сол кол менен чимкирип мурундун ичи тазаланат.
  • 4. Бет жуулат. Маңдайдагы чачтын бүткөн жеринен баштап кулактын жумшагына жана жаактын астына чейин беттин бардык жери үч жолу жуулат.
  • 5. Колдор жуулат. Алгач оң кол чыкынактары менен бирге үч жолу жуулат. Жууп жатканда кургак жер калтырбастан колдун бардык жерин жышып жуу керек.
  • Кийин сол кол чыканактары менен бирге үч жолу жуулат. Жууп жатканда колдун бардык жери кургак жер калбай тургандай кылып жышылуусу керек. Суунун чоргосу аз ачылса ысырап болбойт.
  • 6. Баш масх кылынат. Оң колду суулагандан кийин колдун ички жагын жана манжаларын баштын үстүнө коюп бир жолу масх кылынат. Колдор сууланып оң колдун сөөмөй же чыпалагы менен оң кулактын ичи, ал эми баш бармак менен кулактын сырты, сол колдун сөөмөй же чыпалагы менен сол кулактын ичи, ал эми баш бармак менен кулактын арты масх кылынат.

    Башты толук масх кылуу.
    Баштын төрттөн бирин масх кылуу менен фарз орундалган болуп, даарат сахих болот. Башты толугу менен масх кылуу сүннөт болгондуктан толук масх тартылганда сүннөт сообу да алынган болот.
    Ал үчүн мындай кылынса баштын бардык жери масх кылынган болот:


  • Алгач эки кол сууланып, эки колдун тең бармак жана сөөмөйдөн башка манжалары бири бирине бириктирилип, ички тарабы баштын алдыңкы жагына чачтын башталган жерине коюлат. Эки колдун бул үч манжасынын учтары бири-бирине тийиш керек. Ал учурда баш бармак менен сөөмөй жана алакан башка тийгизилбестен жогоруда болот. Эки кол артты карай бирдей тартылып, эки колдун тең үч манжасы баштын төбөсү менен арткы бөлүгүн масх кылат. Колдор артка чачтын четине келгенде эки колдун тең үч манжасы баштан алынып, эки колдун алаканы баштын четки жагына тийгизилип, арттан алдыга карай тартылып, баштын четки жагы (капталдары) да масх кылынат. Кийин эки колдун сөөмөйлөрү кулактын ички жагына, ал эми бармактар кулактын аркасына коюлуп, жогорудан төмөн карай масх кылынат.

  •  Кийин калган үч манжанын сырткы жагы желкеге коюлуп, желкенин ортосунан эки тарапка карай тартылып масх кылынат.
  • 7. Буттар жуулат. Оң бут үч жолу кызыл ашыктары менен бирге жуулат. Жууганда манжалардын учтарынан баштап жуулат жана манжалардын арасы хилалданып жакшылап тазаланат. Хилалдаганда сол колдун чыпалагы менен оң буттун чыпалагынан баштап калган манжаларынын араларына киргизип тазаланып жуулат.
    Сол бут да үч жолу кызыл ашыктары менен жуулат. Жууганда манжалардын учтарынан башталат жана манжалардын аралары оң бутту жуугандай хилалданып жуулат.


    Даарат алганда ар бир мүчөсүн жууганда айтыла турган даарат дубаларын билбеген адам «Калимаи шахадат» айтат.
Беш убак намаз кантип окулат?
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website