Куран
Курани каримде 114 сүрө, 6236 аят бар. Аяттардын санынын өзгөртүлүп айтылуусунун себеби узун бир аяттын бир нече кыска аят деп көрсөтүлүүсүнөн, же бир нече кыска аяттын бир аят деп эсептелишинен, же болбосо сүрөлөрдүн башындагы "бисмиллах” сөзүнүн бөлөк аят деп эсептелинишен улам болгон.

"Курани карим окулган үйдөн Аршка чейин нур көтөрүлөт” – хадиси шариф. Абу Хурайра (радыяллаху анх) айтты: "Куран окулган үйгө береке, жакшылык келет. Периштелер ал жерге чогулат. Шайтандар ал жерден качат.” Курани каримди тыңдоо чоң сооп. Хадиси шарифте: "Адамдын тыңдаган бир аяты Кыяматта өзүнө нур болот”, - деп айтылат. Курани каримди окууну тиричилик каражаты кылып албоо керек. Хадиси шарифте: "Куран каримди окуган кезде Аллаху таананын ыраазылыгын жана Бейишти тилегиле! Дүнүйөлүк нерсе тилебегиле! Ушундай бир заман келет, хафыздар Курани каримди адамдарга жакындоонун каражаты кылып алышат”, - деп айтылган. "Танбих-ул гафилин” китебиндеги хадиси шарифте: "Курани каримди окуган адамдын эне-атасы капыр болсо дагы азаптары жеңилдейт”, - деп айтылат.
Хадиси шарифтерде айтылат: "Курани каримди тажвид илимине ылайык окуганда ар бир тамгасына жыйырма сооп берилет. Эгер тажвидге ылайык окубаса он сооп берилет.” "Кунуз-уд-дакаик”китебинде жазылган, Дайлами тарабынан билдирилген хадиси шарифте: "Курани каримди тажвидге ылайык окуган адамга шейит сообу берилет”, - деп айтылган. Ахли сүннөт аалымдары билдиришет, кыямат күнү ар бир пайгамбар шапаат кылат. Кийин аалымдар, кийин шейиттер, кийин салихтер, кийин Курани каримди тажвид менен теганни кылбай жана Аллахтын ыраазылыгы үчүн окуган хафыздар жана жаш балдар шапаат кылат.
Кыска сүрөлөр
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website