Ибн Жазеринин «Хысн-уль Хасин» дуба китебинде мындай деп жазылат: «Силердин кылган дубаларыңардын кабыл болушу үчүн биринчиден туура жолдо жүрүп, арамдардан сактанып, чыныгы динине моюн сунган момун болуш керек». Андан соң төмөндөгү шарттарды сакташ керек
1. Дуба кылуунун алдында сооптуу иш кылуу.
2. Таза болуу.
3. Даараттуу болуу.
4. Кыбыла тарапты карап отуруу.
5. Алгач Аллаху таалага шүгүр кылып, Расулуллахка (саллаллаху алейхи ва саллам) салават келтирүү.
6. Дуба көккө карата кылынгандыктан ийинге чейин алакандарды көтөрүү.
7. Дуба кылып жатканда асманга карабаш керек.
8. Булчуңдар бош болуш керек. Жүрөктөн коркуу менен баш төмөн ийилип, Аллаху таалага дуба окулат.
9. Дубаны акырын, угулбай тургандай айтуу керек.
10. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) кылган дубаларды окуу.
11. Дубада Расулуллахты (саллаллаху алейхи ва саллам) же башка чыныгы момун адамды эскерүү.
12. Өз дубасын татаал адабий сөздөр менен кыйындатып жибербөө.
13. Дубаны чын ыклас менен жүрөктөн берилүү менен кылып, жан дүйнөсүн калган бардык ойлордон тазалоо.
14. Алгач өзү үчүн, андан соң ата-эне, акырында бардык момундар үчүн дуба кылуу.
15. Дубаны жок дегенде үч жолу кайталоо.
16. Динге туура келбеген нерселерди сурап дуба кылбоо.
17. Дубанын аягында салават айтып, алакандар менен жүзүн сүртүү.
الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَحْيَانَا بَعْدَ مَا أَمَاتَنَا وَإِلَيْهِ النُّشُورُ
"Альхамду лиллаахиллазии ахйаана баъда маа амаатанаа ва илайхин-нушуур"
Мааниси: Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка хамд болсун. Тирилип Ага кайтабыз.
Дуба текке кетеби? Жок, дуба текке кетпейт. Буга далилдер: "Раббиңер, албетте, хайа (уят) жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат( уялат).” [Тирмизи, Абу Давуд] "Аллаху таала айтты: "Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани] "Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.” [Дайлами] "Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана[сооп]жазылат.” [Дара Кутни] |
