Биринчи байлык — ден соолук

Бир китепте: «Дарыланууга караганда алдын алуу жакшы»,— деп жазылган. Бирок кандай кылсак да айрым оорулардан кача албайбыз. Ошентсе да оорубуз өтүшүп кетпеши үчүн жана айрым ооруларды алдын алуу үчүн көп нерсе кылсак болот. Келиңиз анда, саламаттыгыбызды жакшыртууга шарт түзгөн беш кеңешке токтололу.
1. ТАЗАЛЫКТЫ САКТАҢЫЗ

Колду жуу «ооруга чалдыкпоонун жана оорунун жайылышын токтотуунун эң жакшы жолу» болуп саналат. Кир колубуз менен көзүбүздү, бети-башыбызды, оозу-мурдубузду кармаласак, сасык тумоо сыяктуу ооруларга оңой эле чалдыгышыбыз мүмкүн. Ошондуктан андай ооруларды жуктурбоо үчүн төмөндөгү учурларда колду сөзсүз жуу зарыл:
  • Дааратканага баргандан кийин
  • Баланы тоскондон кийин же жалаягын алмаштыргандан кийин
  • Кесилген жерди же жараны тазалоонун алдында жана андан кийин
  • Ооруп жаткан кишиге жолугарда жана жолуккандан кийин
  • Тамак жасаарда, тамак берерде жана ичерде
  • Чүчкүргөндөн, жөтөлгөндөн же чимкиргенден кийин
  • Жаныбарларды же алардын кыгын кармагандан кийин
  • Таштандыны кармагандан кийин
Колду жөн эле жууп койбой, туура жуушубуз керек. Изилдөөлөрдөн жалпы эл колдонгон дааратканага баргандан кийин көптөр колун такыр эле жуубай турганы же жууса да чала жууй турганы анык болгон.
Анда колду кантип жууш керек?
  • Колду аккан таза сууга суулап, самындоо.
  • Самынды жакшылап көбүртүп, тырмактардын астын, бармактарды, колдун сырткы бетин жана салааларды да жуу.
  • Бери дегенде, 20 секунд жышуу.
  • Агып жаткан сууга чайкоо.
  • Таза сүлгү же кагаз сүлгү менен кургатуу.
Эгер ушул жөнөкөй эле нерселерди эске алсак, көп оорудан сырткары болуп, өмүрүбүздү сактап кала алабыз.



2. ТАЗА СУУ КОЛДОНУҢУЗ

Эгер суунун башаты таза эмес болсо же суу туура эмес сакталса, анда мителер пайда болушу, ошондой эле ал аркылуу холера, ич өткөк, ич келте, гепатит, жана башка инфекциялар жугушу мүмкүн.
Алдын алуу үчүн:
  • Ичкен сууңуздун, анын ичинде тиш жууганда, казан-аяк жана азык-түлүктөрдү жууганда же тамак-аш жасаганда колдонгон суунун башаты таза экенине көзүңүз жеткидей болсун.
  • Эгер түтүктөр менен келген суунун таза экенине шектенип жатсаңыз, аны кайнаткандан же химиялык заттар менен тазалагандан кийин гана колдонуңуз.
  • Мүмкүнчүлүгүңуз болсо, сапаттуу суу чыпкаларын колдонуңуз.
  • Тазаланган суу кайрадан булганып калбашы үчүн, аны жабык идишке сактаңыз.
  • Суу куйган идишиңиз таза болушу керек.
  • Иче турган суу куюлган идишти кир кол менен кармабаңыз жана андагы сууга колуңузду малбаңыз.
3. ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ

Тамакты канча жегениңиз-кандай тамак жегениңиздей эле маанилүү. Ошондуктан ашыра тоюп алуудан сак болуңуз.
Тамактанууга байланыштуу дагы бир көйгөй — тамактан уулануу. Туура даярдалбаса жана тийиштүү түрдө сакталбаса, кандай тамак болбосун, бат эле бузулуп, ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн.
  • Жашылчалар өскөн жерге жер семирткич катары кык төгүлүшү мүмкүн болгондуктан, аларды тамакка колдонордон мурда жакшылап жууңуз.
  • Тамак-аш жасаарда колуңузду самындап, ал эми эт, жашылча-жемиш туураган тактайды, идиш-аякты жана үстөлдүн үстүн тазалоочу каражатты колдонуп ысык суу менен жууңуз.
  • Чийки жумуртка, эт, балык турган нерсени же алар салынган табактарды эч качан жуубай туруп колдонбоңуз.
  • Тамакты чала бышырбагыла. Тез бузула турган жана дароо желбей турган тамакты муздаткычка салып кобңуз.
  • Бөлмөнүн ичинде эки сааттан узак же 32 градус ысыкта бир сааттан узак убакыт туруп калган тез бузула турган тамактарды төгүп салыңыз.
4. КӨБҮРӨӨК КЫЙМЫЛДАҢЫЗ

Ден соолукта болуу үчүн жаш куракка жараша жетиштүү кыймылдап туруу керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөр антишпейт. Көнүгүүлөрдүн кандай пайдасы бар?
Эгер жетиштүү кыймылдасаңыз:
  • Жакшы уктайсыз.
  • Сергек болосуз.
  • Сөөгүңүз бекем, булчуңдарыңыз чың болот.
  • Салмагыңыз ашыкча болбойт.
  • Депрессия болуу ыктымалдуулугун азайтасыз.
  • Мезгилсиз өлүмгө дуушар болуу ыктымалдуулугун азайтасыз.
Ал эми жетиштүү кыймылдабасаңыз:
  • Жүрөк оорусуна чалдыгышыңыз мүмкүн.
  • Кант диабетинин 2-тиби менен оорушуңуз ыктымал.
  • Кан басымыңыз жогорулап кетиши мүмкүн.
  • Каныңыздагы холестериндин деңгээли жогорулап кетиши мүмкүң.
  • Инсульт болушуңуз мүмкүн.
5. УЙКУНУ КАНДЫРЫҢЫЗ

Ар кимдин уйкуга болгон муктаждыгы ар кандай. Ымыркайлардын көбү күнүнө 16—18 саатка чейин укташат, наристелер 14 сааттай, мектепке бара элек балдар 11, 12 сааттай укташат. Ал эми мектеп жашындагы балдар, эң аз дегенде, 10 саат, өспүрүмдөр 9 же 10 саат, чоңдор 7, 8 саат укташы керек.
Жетиштүү эс алууга маани бербей койбошубуз керек. Анткени, адистердин айтымында, жетиштүү уктоо
  • балдардын жана өспүрүмдөрдүн өсүп-жетилиши үчүн,
  • бир нерсеге үйрөнүү жана жаңы маалыматты эстеп калуу үчүн,
  • зат алмашууга жана салмакка таасир эткен гормондор дайыма тең салмакта болушу үчүн,
  • жүрөк-кан тамыр системасы жакшы иштеши үчүн,
  • ооруларды алдын алуу үчүн маанилүү.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website