ПАРЗ

ПАРЗ деген эмне?
Парз (арабча: فرض) – Аллах Тааланын жана пайгамбарыбыздын (САВ) буйруктары ачык-айкын, күмөнсүз далилдер менен айтылган өкүмдөр. Мисалы, беш убак намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү ж.б.
Парздын түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]
Парз өз ичинде парз айн жана парз кифая болуп экиге бөлүнөт:
  • Парз айн: Ар бир мусулманга түздөн-түз жүктөлүп милдеттендирилген парздар. Мусулман бул парздарды жеке өзү аткарышы керек. Бир канча адамдардын аткаруусу менен башкалардын жоопкерчилиги да аткарылган болуп эсептелбейт. Башкача айтканда, бирөөнүн парзын башка бирөө өтөй албайт. Беш убак намаз, орозо, зекет сыяктуулар ушул парзга таандык.
  • Парз кифая: Жалпы мусулмандарга парз болуп турса да, айрым мусулмандардын аткаруусу аркылуу бүткүл мусулмандардын жоопкерчилиги орундалганга тете парздар. Албетте, эч бирөө аткарбаган абалда, жалпы коомчулук бул парздар жөнүндө жооптуу бойдон калат. Бул парздардын сообу аткаргандарга гана тиешелүү болот.
Жаназа намазы, күбөлүккө өтүү, Куран жаттоо сыяктуулар ушул парзга мисал. Тактап айтканда, бир шаарда бир бөлүк мусулмандар кайтыш болгон мусулмандын жаназа намазын окуса жетиштүү. Муну менен калган мусулмандар ушул жоопкерчиликтен кутулган болот.
Аткарылган парзга орошон сооп менен жакшылык бар. Ал эми өз милдети болгон парзды аткарбагандар акыретте азапка тартылат. Кимде-ким парзды жокко чыгарып, парздыгын моюндабаса динден чыгат. Парз экенин кабылдап, бирок аны аткарбаса, өз милдетин аткарбаганы үчүн күнөөкөр деп эсептелет.

40 ПАРЗ

Ыйманда
7 парз бар:
1. Аллах Тааланын бардыгына жана жалгыздыгына ишенүү
2. Аллах Тааланын периштелерине
3. Аллах Тааланын китептерине
4. Аллах Тааланын пайгамбарларына
5. Акырет күнүнө
6. Тагдырга; жакшылык жана жамандык Аллахтан экендигине ишенүү
7. Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү
Исламда
5 парз бар:
1. Шахадат (күбөлүк) келимеси
2. Беш убак намаз окуу
3. Зекет берүү
4. Орозо кармоо (жылына 1 жолу Рамазан айында)
5. Хаж ибадатын аткаруу ( эгер мүмкүнчүлүгү болсо, өмүрүндө бир жолу ажыга баруу)
Дааратта
4 парз бар:
1. Колду жуу (чыканакты кошуп)
2. Бетти (чач чыккан жерден баштап ээктин астын кошуп) жуу
3. Баштын төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу
4. Буттарды жуу
Гусулда
3 парз бар:
1. Оозго суу алып тамакка жеткире чайкоо
2. Мурунга суу алып, таноо ачышканча суу алуу
3. Денеде кургак жер калтырбай жуу
Таяммумда
4 парз бар:
1. Ниет кылуу
2. Таза топурак табуу
3. Биринчи уруш менен бетти сүртүү
4. Экинчи уруш менен эки колду чыканак менен кошо сүртүү
Намазда
12 парз бар:
Сыртында(6):
1. Хадастан таза болуу; даарат, гусул алуу, хайз жана нифастан тазалануу
2. Нажасаттан таза болуу; кийимдин жана жай намаздын таза болуусу
3. Аврат жерлердин жабык болуусу
4. Кыбылага жүз буруу
5. Окула турган намаздын убактысынын кирүүсү
6. Намаз окуш үчүн ниет кылуу
Ичинде(6):
1. Такбир тахрима
2. Кыям (Түз туруу)
3. Кыраат
4. Руку
5. Сажда — бешене, мурун саждага тийүүсү керек
6. Каада-ахир – акыркы олтуруу
.
Амру маруфда
1 парз бар:
1. Жакшылыкка чакыруу
Нахий мункарда
1 парз бар
1. Жамандыктан кайтаруу
Хайзда
1 парз бар:
1. Хайз – ай сайын аял затынан келе турган этек кири, ошол мезгилде шарияттын өкүмүн билүү.
(Намазды, орозону токтотот. Тазалангандан кийин гусул алып орозонун казасын кармайт, намаздын казасын окубайт, жыныстык катнашта болбойт).
Нифаста
1 парз бар:
1. Нифас — Аял заты бала төрөгөндөн кийин жыныстык мүчөсүнөн келе турган кан. Ошол мезгилде шарияттын өкүмүн билүү.
(намазды, орозону токтотот. Тазалангандан кийин гусул алып орозонун казасын кармайт, намаздын казасын окубайт, жыныстык катнашта болбойт).
Илимде
1 парз бар:
1. Илим талап кылуу, билбегенди билген бирөөдөн сурап билүү парз.
(Илим алууда жакшы, акыйдасы түз устаз кармоо керек.)
Маалыматтарды өзгөртүүсүз пайдаланыңыздар сураныч!
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website